Бишкекте айдоочу сегиз жаштагы баланы сүзүп кетти
сүрөт: depositphotos.com
10 июль

Бишкекте айдоочу сегиз жаштагы баланы сүзүп кетти

Бишкекте жеңил унаа сегиз жаштагы баланы сүзүп кетти. Жол кырсыгы саат 20:15 чамасында Манас менен Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Бишкек шаарынын Патрулдук милиция башкармалыгынын маалыматына ылайык, Kia Morning үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Манас көчөсү менен бара жатып, 2019-жылы туулган жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен.

Окуядан кийин бала тез арада аймактык ооруканага жеткирилди. Анын учурдагы абалы такталууда.

Унаа атайын айып короосуна токтотулду.

Жол кырсыгы боюнча тиешелүү соттук экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.