Ноокатта айдоочулук күбөлүк үчүн сынак тапшырып жаткан курсанттын атасы пара берүүгө аракет кылган
Ноокаттагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борборунун аймактык бөлүмүндө пара берүү аракети токтотулду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 8-июлда квалификациялык практикалык экзамен өткөндөн кийин болгон.
Курсанттардын биринин атасы уулунун практикалык экзаменден ийгиликтүү өтүшүнө көмөк көрсөтүп берүүсүн өтүнүп, мекеменин кызматкерине 7 миң сом өлчөмүндө пара сунуштаган.
Кызматкер мыйзамсыз сый акыдан баш тартып, болгон окуя тууралуу милицияга кабар берген.
Окуя болгон жерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери келип, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык зарыл болгон процесстик иш-чараларды жүргүзүштү.
Мамлекеттик борбор квалификациялык экзамендер мыйзамдуулук, калыстык жана ачык-айкындык принциптеринин негизинде гана өткөрүлөрүн эскертти.
Экзамендин жыйынтыгына мыйзамсыз таасир этүүгө багытталган ар кандай аракеттер мыйзамга каршы келет жана жоопкерчиликке алып келет.
