Канатбек Мурзахалилов: «Таблиги Жамааттагы» талаш Кыргызстанга кантип жетти
Акыркы убакта Кыргызстандын эксперттик чөйрөсүндө «Таблиги Жамааттын» ичинде эки башка багыт даана көрүнүп калганы көп айтылып жатат. Бири Низамудин багыты болсо, экинчиси Шура багыты. Сыртынан караган адам үчүн кыймыл мурдагыдай эле бир бүтүндөй сезилет. Даават жүрүп жатат, жыйындар өтүүдө, көнүмүш диний тартип сакталууда. Бирок кыймылдын ичинде ким негизги жетекчи, чечимдер ким аркылуу кабыл алынат, башкы диний борбор кайсы жер деп таанылат деген маселе көптөн бери эле талаштуу болуп келет.
Бул ажырым кантип пайда болду? Эмне үчүн бул тууралуу Индияда, Пакистанда, Лондондо да сөз болуп жатат? Эң негизгиси, мунун Кыргызстанга тиешеси канчалык? Ушул суроолорго жооп алуу үчүн тарых илимдеринин кандидаты, диний маселелер боюнча эксперт Канатбек Мурзахалилов менен маектештик.
– «Таблиги Жамааттын» ичинде бөлүнүү тууралуу сөздөр качан башталган?
– Бул бүгүн же кечээ пайда боло калган маселе эмес. Чоң диний кыймылдарда мындай ички жараяндар адатта бир күндө эле келип чыкпайт. Алар жылдап топтолуп, акырындан бышат, анан бир учурда көзгө көрүнө баштайт. «Таблиги Жамааттын» ичиндеги буга байланыштуу биринчи олуттуу суроолор 1995-жылы Мауляна Инъямуль Хасан каза болгондон кийин көтөрүлгөн. Ошондо кыймылды бир эле адамдын жеке кадыр-баркы менен кармап туруу мурдагыдай оңой болбой калганы байкалган.
Дал ошол учурдан тарта негизги маселелерди жамааттык негизде чечүү аракети башталган. Анын натыйжасында Шура түзүлгөн. Бирок бул кадам маселени толук чечкен эмес. Болгону, ички карама-каршылыкты бир аз убакытка кармап турган.
Чыныгы бурулуш 2014-жылы Мауляна Зубайр уль-Хасан каза болгондон кийин башталган. Ал тирүү кезде кадыр-баркы менен көп нерсени теңеп турган. Көзү өткөн соң буга чейин көмүскөдө турган пикир келишпестиктер ачык көрүнө баштаган. 2015-жылдан тартып кыймылдын ичинде жетекчилик маселесине карата эки башка көз караш байкалган.
– Низамудин багыты жана Шура багыты деген эмнени түшүндүрөт?
– Низамудин багыты Делидеги тарыхый борбор (марказ) менен байланышкан. Ага катар бул багыт Мауляна Саад Кандхлавинин ысымы менен тыгыз байланышта болгондугу айтылат. Ал кыймылдын негиздөөчүсү Мауляна Мухаммад Ильястын небереси катары кабыл алынат. Аталган багыттын жолдоочулары үчүн Низамудиндин тарыхый орду өзгөчө мааниге ээ болуп, мураскерлик, салттын уландысы жана таанылган амирдин ролу чоң деп эсептелинет.
Ал эми Шура багыты башкача түшүнүккө таянат. Бул жерде басым бир адамга эмес, кеңешип башкарууга жасалат. Алардын пикири боюнча, кыймылдын жетекчилиги бир кишиге, ал тургай кыймылдын негиздөөчүсүнүн урпактарына байланбашы керек. Чечимдер жамааттык негизде кабыл алынышы зарыл. Ушул көз караш 2015-жылдан кийин айрыкча Пакистандагы Райвинд менен байланышкан чөйрөдө күчөгөн.
Сөз эки башка кыймыл жөнүндө эмес, бир эле кыймылдын ичиндеги эки башка башкаруу түшүнүгү жөнүндө болуп жатат.
– Эки багыттын ортосундагы негизги айырма эмнеде?
– Негизги айырма диний амалдарда эмес. Эки тарап тең дааваттын тартибин сактайт, хуружка чыгат, таалимди, машвараны, жамааттык эрежелерди четке какпайт. Сыртынан караганда баары эле мурдагыдай сезилет. Диндар адам бул жерде эч кандай олуттуу өзгөрүү жок деп ойлоп калышы да ыктымал.
Бирок айырма бар жана ал кичине тереңдикте жатат. Маселе ким акыркы сөздү айтат, кимдин чечими негизги деп таанылат, кайсы борборго көбүрөөк моюн сунулат деген суроолордун айланасында жаралат. Низамудин багыты амирдин авторитетине жана Делидеги тарыхый борборго көбүрөөк таянат. Шура багыты болсо жамааттык чечимге, кеңешме башкарууга артыкчылык берет. Ошондуктан бул талашты диний негиздеги талаш деп түшүнүү туура эмес. Бул башкаруу, авторитет жана багыт маселеси.
– Эмне үчүн бул темада Индия менен Пакистан улам-улам эле кеп болот?
– Анткени ушул эки өлкөдө кыймылдын эң таасирдүү борборлору жайгашкан. Делидеги Низамудин «Таблиги Жамааттын» тарыхый башаты катары кабыл алынат. Кыймыл дал ошол жерден башталган. Андыктан көпчүлүк үчүн ал жөн гана географиялык жер эмес, тарыхтын, салттын жана түпкү борбордун белгиси.
Пакистандагы Райвинд болсо кийинчерээк эле «Таблиги Жамааттын» эң ири эл аралык борборлорунун бирине айланган. Эл аралык байланышы, уюштуруучулук мүмкүнчүлүгү, топтордун жүрүшү, жыйындардын масштабы жагынан бул жердин салмагы абдан өсүп кеткен. Мына ошон үчүн Шура багыты ал жерде өзгөчө бекем орун алган.
2015-жылдан кийин гана жогорудагы талаш убактылуу пикир келишпестик эмес экени айкын болду. Бул бир кыймылдын ичиндеги эки туруктуу таасир борборунун калыптанышы болуп чыкты.
– Бул талашта Лондон да көп айтылып жүрөт да?
– Анткени Лондондо бул маселе өзгөчө ачык көрүнүп калды. 2016–2017-жылдары Британиядагы таблиг чөйрөсүндө Низамудин багытын колдогондор менен Шура багытын жактагандардын ортосунда олуттуу пикир келишпестиктер болгон. Айрыкча талаш-тартыш мечиттердин жана жамааттардын айланасында сезилген. Чатак жөн гана кимдики туура, ким туура эмес деген сөздөрдүн деңгээлинде калган эмес. Ал башкаруу маселесине, ким жетекчилик кылат, кимдин сөзү өтөт деген практикалык суроолорго чейин жеткен.
2024-жылы Англияда кыймылга тиешелүү диний борборлордун бирин ким башкарууга укуктуу экени сот жараянында каралган. Башкача айтканда, бул укук жергиликтүү жамаатка таандыкпы же Дьюсбери жана Шура багыты менен байланышкан түзүмдөргө тиешелүүбү деген суроо коюлган. Бул «Таблиги Жамаатка» тиешелүү өтө маанилүү учурдун бири болду деп айтса болот. Анткени талаш Индия менен Пакистандын эле ичиндеги маселе болбой, Европага, диаспораларга, чет жактагы диний чөйрөгө чейин жеткенин ачык көрүнгөн.
– Бул маселе Кыргызстан үчүн эмнеге маанилүү деп эсептейсиз?
– Кыргызстан постсоветтик аймакта «Таблиги Жамаат» кеңири жайылган саналуу өлкөлөрдүн бири. Казакстанда бул кыймылга 2013-жылы тыюу салынган. Тажикстанда андан мурда эле чектөө киргизилген. Өзбекстанда да тыюу бар. Ал эми Кыргызстанда кыймыл узак убакыт башкаларга салыштырмалуу эркин иш алып барды.
Мына ушул жагдай глобалдык деңгээлдеги кыймылга тиешелүү өзгөрүүлөрдүн баары өлкөбүзгө да келип жетет деп айтууга мүмкүндүк берет. Биз үчүн бул алыстагы борборлордогу талаш эмес. Кыргызстанда «Таблиги Жамааттын» өз чөйрөсү бар, анын жактоочулары менен жолдоочулары бар, дааватка чыга турган маршруттары калыптанган. Ал жөн гана бизге сырттан келген агым болбой калган. Кыймылдын ишмердүүлүгү, башкача айтканда “даават” диний турмушубуздун ажырагыс бөлүгүнө айланган. Андыктан дүйнөлүк борборлордо болуп жаткан өзгөрүүлөр өлкөбүздө кайталанат деп айтса да болот.
– «Таблиги Жамаат» Кыргызстанда кантип бекемделди?
– Анын активдүү жайылышы 1990-жылдары, Советтер Союзу тарагандан кийин башталган. 70 жылдык атеисттик идеология кыйраган соң, өлкөбүздө дин эркиндиги мыйзам менен бекитилген. Кыргызстанга Пакистандан, Индиядан, Бангладештен, Шри-Ланкадан дааватчылар келе баштаган. Адегенде алар жергиликтүү котормочулар менен иштешкен. Кийинчерээк кыргызстандык топтор калыптанып, кыймылдын ишмердүүлүгү да күчөгөн.
Убакыт өткөн сайын даават же динди жайылтуу Бишкек менен Чүйдө эле эмес, Ошко, Жалал-Абадга, Нарынга, Таласка, Ысык-Көлгө, анан ар бир айылга чейин жеткен. Кыймылдын күчү татаал теорияда эмес болчу. Тескерисинче, ал жөнөкөй жана түшүнүктүү диний практикаларды сунуштады. Даават, китеп окуу, баяндарга катышуу, жамаат менен жүрүү, намазга чакыруу, тартиптүү жашоого үндөө көп адамдар үчүн исламга кайра кайтууга же өз ишенимин бекемдөөгө негиз болду.
– Бүгүн Кыргызстанда кыймыл канчалык кеңири жайылган?
– Так санын мынча деп айтуу кыйын. Анткени «Таблиги Жамаатта» расмий мүчөлүк жок. Бирок эксперттик баалоолордо 10 миңден 50 миңге чейин анын активдүү жактоочулары болушу мүмкүн экени айтылып жүрөт. Бул дааватка тынымсыз чыгып жүргөн, өздөрүн ушул кыймылга таандык эсептеген адамдар.
Алар ар бир шаарда, ар бир айылдарда бар. Студенттердин, соодагерлердин, ишкерлердин, мугалимдердин, жөнөкөй эмгек адамдарынын арасында да кездешет. Анда жаштар да көп, улуу муундун өкүлдөрү да бар. Дагы бир маанилүү жагдай, бизде кыймыл өзгөчө кыргыздардын арасында кеңири жайылган. Ошондуктан анын ичиндеги өзгөрүүлөрдү биздин коомго тиешеси жок, алыстагы бирөөлөрдүн маселеси деп кароого болбойт.
– Кыргызстанда Низамудин багыты менен Шура багытына бөлүнүү сезилип жатабы?
– Ооба, сезилип жатат. Бирок азырынча ачык ажырымга жете элек деп ойлоймун. Кыргызстандагы абал Британиядагыдай эмес. Чыр-чатак жараткан талаштар жок. Толук ажырым тууралуу ачык билдирүүлөр да дээрлик айтылган эмес. Бирок айрым диндар адамдар айырмачылык кыймылдын ичинде акырындап байкалып жаткандыгын белгилешүүдө. Мисалы, кайсы топ кайсы борборго көбүрөөк ыктап жатат, кимди көбүрөөк угушат, кимдин чечимин салмактуу деп эсептешет, – деген айырмачылыктар бар. Сырттагы адам үчүн бул билинбеши мүмкүн. Бирок кыймылдын ичиндеги диндарлар үчүн айырма анча деле жашыруун эмес.
– Бул окуядан кандай негизги жыйынтык чыгарууга болот?
– Эң башкы жыйынтык жөнөкөй эле. Низамудин багыты менен Шура багыты тууралуу сөз мындан ары Индия менен Пакистандын эле ички темасы эмес. Жогорудагы маселе акырындык менен Кыргызстанга да тиешелүү болуп калды. Анткени «Таблиги Жамаат» биздеги диний турмуштун ажырагыс бир бөлүгүнө айланган. Ал убактылуу кубулуш же сырттан келип кеткен көрүнүш эмес.
Эгер кыймылдын ичинде башкаруу системасы өзгөрүп, ар башка борборлор пайда болуп, жетекчилик ар башкача түшүнүктөрдү берип баштаса, анда бул талаштын таасири Кыргызстанга да келет. Азырынча бул ачык тиреш эмес, бирок тынч жүрүп жаткан ички өзгөрүү экени көрүнүп калды.
