Чүй районунда 30 аз камсыз болгон тургун 600 гектар жерди сугаруучу каналды тазалашты
Эмгек министрлиги
24 август

Чүй районунда 30 аз камсыз болгон тургун 600 гектар жерди сугаруучу каналды тазалашты

Чүй районунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) «Акы төлөнүүчү коомдук иштер» биргелешкен долбоорунун кезектеги этабынын жыйынтыгы чыгарылды.

Долбоорго Өн-Бир-Жылга айыл өкмөтүнүн аймагындагы 30 аз камсыз болгон жана убактылуу жумушсуз тургун катышты. Алар социалдык жана ирригациялык инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштерге тартылышкан.

Негизги багыттардын бири – Калыгул Алыш атындагы суткалык жөнгө салуучу бассейнди жана Шамшы айылындагы каналды тазалоо болду. Сел жүргөндөн кийин канал таштарга толуп, анын кесепетинен суу талааларга жетпей калган.

Узундугу 1,5 чакырым болгон канал Карагул, Чоң-Жар, Кош-Кашат жана Шамшы айылдарындагы тургундардын болжол менен 600 гектар жерин сугат суу менен камсыз кылат. Бул аймакта жалпысынан 247 кожолук бар. Алардын ичинен 89 үй-бүлөгө социалдык паспорт ачылган, 33 жумушсуз жаран катталган.

Каналдын тазаланышы сугат суусунун берилишин калыбына келтирүүгө, системадагы тоскоолдуктарды жоюуга жана жээктердин жуулуп кетүү коркунучун азайтууга багытталган. Айыл өкмөтү техникалык жардам көрсөткөн.

Аткарылган коомдук иштер үчүн долбоордун катышуучуларына БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан азык-түлүк жардамы берилет. 30 адамга жалпысынан 9 тонна байытылган буудай уну жана өсүмдүк майы каралган. Долбоордун эсебинде бир катышуучуга 300 кг ун жана 30 литр өсүмдүк майы туура келет.

24-августта эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов жана БУУ ДАТПнын Кыргызстандагы кеңсесинин директорунун орун басары Согджин Хан Чүй районуна барып, азык-түлүк жардамын бөлүштүрүүгө катышты жана жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

«Акы төлөнүүчү коомдук иштер» долбоору жумушсуз жана социалдык жактан аялуу жарандарга убактылуу колдоо көрсөтүүгө багытталган. Анын алкагында жарандар аймактарды көрктөндүрүү, социалдык объектилерди оңдоо, ирригациялык тармактарды тазалоо жана жергиликтүү коомчулук үчүн пайдалуу башка иштерге тартылат.