Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду
24 август
Ак-Суу районунда глэмпинг лагери ачылды
Ак-Суу районун Кереге-Таш айылына глэмпинг лагери ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү ишкер туризмди өнүктүрүү максатында фондго долбоор менен кайрылган.
Ак-Суу райондук мамлекеттик администратциясынын тиешелүү тескемесине ылайык, долбоор фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан жактырылып, 5 млн сом өлчөмүндө пайызсыз кайтарымдуу финансылык жардам бөлүп берүү чечими кабыл алынган.
Бөлүнгөн каражатка ишкер глэмпинг лагерине керектүү курулуш материалдарын жана жабдыктарды сатып алган. Ошондой эле, тиешелүү инфраструктураны уюштуруп, туристтер үчүн ыңгайлуу эс алуу жайын түзгөн.
