Догдүркүл Кендирбаева Самаркандагы Дүйнөлүк саммитте Кыргызстандын тажрыйбасын тааныштырды
22 октябрь

Догдүркүл Кендирбаева Самаркандагы Дүйнөлүк саммитте Кыргызстандын тажрыйбасын тааныштырды

Бүгүн, 2026-жылдын 22-октябрында, Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында өтүп жаткан “Балдардын бакубаттуулугуна инвестиция салуу: келечек муундардын туруктуу жана адилеттүү өнүгүүсүнө карай жол” аттуу Дүйнөлүк саммиттин алкагында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдүркүл Кендирбаева эрте курактагы балдарды өнүктүрүүгө жана сапаттуу инклюзивдүү билим берүүгө инвестиция салуу маселелерине арналган пленардык жыйында баяндама жасады.

Өз сөзүндө министр баланын инсан катары калыптанышында жана бардыгы үчүн бирдей баштапкы мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууда эрте балалык курактын өзгөчө маанисин белгиледи. Ошондой эле балдарды эрте жашынан колдоо Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи.

Министр Кыргызстандын билим берүү тармагындагы реформаларынын негизги багыттарын, анын ичинде мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү, “Алтын Казык” программасынын алкагында 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү, педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана инклюзивдүү билим берүү чөйрөсүн түзүү маселелерин тааныштырды.

Белгиленгендей, 3 жаштан 5 жашка чейинки балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу көрсөткүчү 54 пайызга жетти. Ал эми 2030-жылга чейин бул көрсөткүчтү 80 пайызга жеткирүү пландалууда. 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө даярдыктын алкагында 70 миңден ашуун педагог квалификациясын жогорулатуу курстарынан өттү.

“Бала системага ылайыкташууга тийиш эмес, тескерисинче, система ар бир бала үчүн шарттарды түзүшү керек. Балдардын бакубаттуулугуна инвестиция салуу менен биз өлкөнүн жана келечек муундардын келечегине инвестиция салып жатабыз”, - деп белгиледи Догдүркүл Кендирбаева.