Көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди
2026-жылдын 22-октябрынан тартып Кыргызстандын аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн баасына 90 күнгө мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди.
#КРЭКМ №219 буйругуна ылайык, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын аймактык бөлүмдөрү ар бир облус, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарлары үчүн көмүрдүн максималдуу чекене бааларын белгилешет.
Белгиленген баалардын сакталышы көзөмөлдөнөт. Бааны негизсиз жогорулаткандарга айып пул салынат:
▪️ Жеке жактарга — 3 000 сом;
▪️ Юридикалык жактарга — 13 000 сом.
Ошондой эле көмүр сатылган жайларда таразалардын текшерүүдөн өткөндүгү жана баа көрсөткүчтөрүнүн болушу көзөмөлдөнөт.
