“Социалдык контракттын” катышуучулары пайызсыз кредитти кантип ала алат? Эмгек министрлиги түшүндүрдү
22 октябрь

“Социалдык контракттын” катышуучулары пайызсыз кредитти кантип ала алат? Эмгек министрлиги түшүндүрдү

“Социалдык контракт” программасынын ийгиликтүү катышуучуларына 200 миң сомго чейин пайызсыз кредит берилет. Бул каражат алардын жеке ишкерчилигин андан ары өнүктүрүүгө колдонулушу керек.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Гүлмайрам Автандил кызы “Биринчи радионун” түз эфиринде билдиргендей, 2024-жылы 105 адам пайызсыз кредит алган. 2025-жылы 1101 адам, ал эми бул жылы октябрь айынын аягында пайызсыз кредит берүү процесси жыйынтыкталат.

“Негизи программа боюнча жыл сайын миң гана катышуучуга кредит берилиши керек. Бирок 2025-жылы бөлүнгөн сумма 1101 адамга жетти, анткени, айрым адамдар 200 миң эмес, 100 миң сомго гана алууну туура көрүштү”, – деди ал.

Белгиленгендей, “Социалдык контракт” программасы аркылуу берилген 150 миң сом – бул кайтарымсыз грант. Аны катышуучу жеке ишкерчилигин баштоого, кайсы бир тармактагы ишмердүүлүгү аркылуу кирешеге чыгууга пайдаланат. Ал эми банктан берилчү кредит – бул кайтарылат. Болгону пайызы жок.

Автандил кызынын айтымында, пайызсыз кредит Абанк жана Элдик банктан берилет. Буга чейин ИП катары каттоодон өткөнүнө 6 ай болгон катышуучулар гана ала алышат деген талап болгон. Азыр бул талап алып салынды, соцконтракттын катышуучусу бүгүн Салык кызматына каттоого турса, эртең банкка барып пайызсыз кредит алууга арыз таштоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.

“Кредит алуудагы талаптар – жаранда параллелдүү кредит болбошу керек, кара тизмеге түшпөөгө тийиш. 100 миң сомго чейин кредит алса – кепилчилик берүүчү жана күрөөнүн кереги жок, ал эми 100 миң сомдон ашуун суммада алса – анда жогоруда айтылгандар талап кылынат”, – деди жетектөөчү адис.

Ал кошумчалагандай, учурда Абанк өзүнүн 500 адамга пайызсыз кредит берүү боюнча квотасын толуп жапты. Учурда Элдик Банк берүүдө, бирок анын да квотасы толооруна аз калды.

“Октябрдын аягында бул жылдагы кредит берүү жыйынтыкталат”, – деди ал.