Бишкектеги жаңы Травматология борборунда операциялар роботтордун жардамы менен жасалат
Бишкекте курулуп жаткан Улуттук травматология жана ортопедия борборун роботтоштурулган хирургиялык комплекстер менен жабдуу пландалууда. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине борбордун директору Сабырбек Жумабеков билдирди.
Анын айтымында, роботтор хирургдарга татаал операцияларды жасоодо жардамчы катары колдонулат. Алардын жардамы менен тизе жана жамбаш муундарын алмаштыруу, ошондой эле омурткага операция жасоо мүмкүн болот.
Роботтоштурулган система хирургиялык манипуляцияларды 1–2 миллиметрге чейинки тактыкта аткарууга мүмкүндүк берет.
«Робот — хирургдун жардамчысы. Хирург колу менен иштегенде 1–2 миллиметрге чейин четтөө болушу мүмкүн. Ал эми робот кесүүнү өтө так аткарууга жардам берет», — деп түшүндүрдү Жумабеков.
Мындан тышкары, борборду компьютердик жана магниттик-резонанстык томографиянын заманбап аппараттары, ошондой эле татаал операцияларды жүргүзүүгө арналган навигациялык системалар менен жабдуу пландалууда.
Борбордо 13 операциялык зал болот. Жумабековдун маалыматына караганда, аларда күн сайын 50гө жакын операция жасоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.
