Жалал-Абад облусунда 9,1 миң жаран турак жай алуу үчүн кезекте турат
Сүрөт ачык булактардан алынды
22 октябрь

Жалал-Абад облусунда 9,1 миң жаран турак жай алуу үчүн кезекте турат

«Менин үйүм» мамлекеттик программасынын алкагында Жалал-Абад облусунда 9 183 жаран турак жай алуу үчүн кезекте турат. Бул тууралуу  Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Манас шаарынын жана Сузак районунун тургундары жана активи менен жолугушкан учурда билдирди.

Анын айтымына караганда,  2016-жылдан бери облустун 3 560 тургуну турак жай менен камсыздалган, алардын ичинен 781 жаран банк аркылуу кредиттик каржылоо алган.

2025-жылдан бери Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 2 779 үй-бүлө турак жайга ээ болгон. Учурда облустун шаарлары менен райондорунда жалпы сыйымдуулугу 12 532 батирди түзгөн 15 турак жай комплекси курулууда.