Баткен шаарындагы 10 миң орундуу стадиондун курулушу уланууда, жыл аягында пайдаланууга берилет
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
22 октябрь

Баткен шаарындагы 10 миң орундуу стадиондун курулушу уланууда, жыл аягында пайдаланууга берилет

Баткен шаарындагы 10 миң орундуу стадиондун курулушу уланууда, иштер 80 пайызга аяктап калды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Облус башчысынын биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев стадиондун курулушунан кабар алды.

Ал курулуштун сапатын дыкат көзөмөлдөө жана өз убагында бүткөрүү боюнча чараларды көрүүнү жетекчилерге тапшырды.

Стадионду жыл аягында пайдаланууга берүү пландалууда.

10 га аянтты ээлеген объектте, футбол аренасынан сырткары үч машыгуу оюн талаалары жана төрт кичи футбол аянтчалары камтылган.

Футбол аянтчалары жарык берүүчү шам чырактар менен жабдылып, футболдук беттештерди кечки убакытта кабыл алууга да шарт түзүлөт.

Стадиондун аймагында профессионал футболчуларды жана жаш оюнчуларды кабыл ала турган 100 кишилик жатакана комплекси да курулууда.

Мындан сырткары, 200 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай орун алат.

Стадиондун курулушунун аякташы менен облустук жана республикалык маанидеги масштабдуу иш чараларды өткөрүүгө мыкты шарт түзүлөт.