Кулубаев Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Грузиянын ТИМ башчыларынын жолугушуусуна катышат
22 октябрь

Кулубаев Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Грузиянын ТИМ башчыларынын жолугушуусуна катышат

2026-жылдын 22–23-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Грузиянын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышуу үчүн Грузиянын Батуми шаарына барат.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аймактар аралык жана эл аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрү менен Грузиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун келечеги боюнча пикир алмашат.