Кыргызстандын тышкы соодасында экспорттун үлүшү беш жылда 33%дан 18,1%га чейин кыскарды
Сүрөт ачык булактардан алынды
22 октябрь

Кыргызстандын тышкы соодасында экспорттун үлүшү беш жылда 33%дан 18,1%га чейин кыскарды

Акыркы беш жылда Кыргызстандын тышкы соодасынын түзүмүндө импорттун үлүшү кыйла өстү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2021-жылы экспорт өлкөнүн жалпы товар жүгүртүүсүнүн 33%ын түзгөн. Ал эми 2025-жылы бул көрсөткүч 18,1%га чейин төмөндөгөн.

Ошол эле учурда импорттун үлүшү 67%дан 81,9%га чейин өскөн.

Бул мезгилде товарлардын жалпы тышкы соода көлөмү дээрлик эки эсеге көбөйүп, 2021-жылдагы 8 млрд 332,4 млн доллардан 2025-жылы 16 млрд 689,5 млн долларга жеткен.

Бирок өсүштүн негизги бөлүгү импорттун эсебинен камсыздалып, анын көлөмү беш жылда дээрлик 2,5 эсеге көбөйгөн.