Кыргызстан менен Түркия жаштар саясаты жана спорт жаатындагы кызматташтыкты талкуулады 
Маданият министрлиги
22 октябрь

Кыргызстан менен Түркия жаштар саясаты жана спорт жаатындагы кызматташтыкты талкуулады 

Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев менен Түркиянын жаштар жана спорт министри Осман Бак жолукту.

Ведомстводон кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 21-октябрда Түрк мамлекеттер уюмунун жаштар жана спорт министрлеринин 10-жыйынынын алкагында Бишкекте өттү.

Жолугушууда жаштар саясаты жана спорт жаатындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, жаштар программаларын ишке ашыруу боюнча тажрыйба алмашуу, жаштар борборлорунун ишмердүүлүгү жана ыктыярчылык кыймылын колдоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле жаштардын ар тараптуу өнүгүүсүнө, жөндөмдөрүн өркүндөтүүсүнө жана өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруусуна шарт түзүү маселелерине көңүл бурулду.

Түркия тарап маданий, билим берүү жана спорттук иш-чараларды уюштуруу, жаш спортчуларды колдоо, ыктыярчылык кыймылын өнүктүрүү жана жаштардын кесиптик өсүүсүнө мүмкүнчүлүктөрдү түзүү багытындагы тажрыйбасы менен бөлүштү.

Жолугушуу жаштар саясаты жана спорт тармагындагы өз ара кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашууга өбөлгө түздү.