Кепилдик фондунун уставдык капиталы 10,06 млрд сомго чейин көбөйтүлдү
сүрөт: depositphotos.com
22 октябрь

Кепилдик фондунун уставдык капиталы 10,06 млрд сомго чейин көбөйтүлдү

«Кепилдик фонд» ААКтын уставдык капиталы 6 млрд 632 млн сомдон 10 млрд 62 млн сомго чейин көбөйтүлдү. Бул тууралуу Кепилдик фонддон билдиришти.

Капиталдын көбөйүшү 3 млрд 430 млн сомдук акцияларды кошумча чыгаруунун эсебинен ишке ашты.

Акциялардын кошумча чыгарылышынын алкагында «Мамлекеттик финансылык холдинг» ААК номиналдык наркы 100 сомдон турган 34,3 млн жөнөкөй акцияны сатып алып, фонддун 34,09% үлүшүнө ээ болгон жаңы акционери болду.

Өзгөртүүлөрдөн кийин Кыргызстандын Улуттук банкы 6 млрд 50 млн сомдук акцияга ээлик кылып, 60,13% үлүшү менен фонддун эң ири акционери бойдон калды.

Ал эми Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин үлүшү 5,78%ды же 582 млн сомду түзөт.

Фонддун маалыматына ылайык, капиталдын көбөйүшү ишкерлерге көрсөтүлүүчү кепилдик колдоосунун көлөмүн кеңейтүүгө жана чакан жана орто бизнестин кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле бул инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга, ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү жаратары күтүлүүдө.