Бишкектеги «Ырыс Ордо» конгресс-холлунун чатырынан түтүн чыккан
видеодон алынган кадр
21 октябрь

Бишкектеги «Ырыс Ордо» конгресс-холлунун чатырынан түтүн чыккан

«Ырыс Ордо» конгресс-холлунун имаратында чатырындагы жылуулоо иштерин жүргүзүү учурунда түтүн чыккан. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-октябрда саат 12:36да окуя болгон жерге эки өрт өчүрүүчү бөлүм, эки автотепкич, ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу жана штаб жөнөтүлгөн.

Учурда адистер түтүн чыккан аймакты текшерип жатышат.

ӨКМ окуя болгон жерде өрт чыккан эмес деп билдирди.

«Өрт чыккан жок. Окуянын жагдайлары такталууда. Кырдаал толук көзөмөлдө», — деп айтылат ведомствонун маалыматында.