Манас шаары Кыргызстандын экинчи экономикалык борбору болот
Сүрөт ачык булактардан алынды
21 октябрь

Манас шаары Кыргызстандын экинчи экономикалык борбору болот

Манас шаарына өлкөнүн экинчи экономикалык борбору катары өзгөчө макам берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн республикалык кеңешмеде билдирди.

Анын айтымында, Манас өлкөнүн түштүгүндөгү негизги транспорттук-логистикалык түйүнгө жана бизнес борборуна айланышы керек.

Ошол эле учурда бийлик аймактардын өнүгүү деңгээлин теңдештирүүнү, бюджеттер аралык мамилелерди өркүндөтүүнү жана административдик-аймактык бирдиктердин финансылык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү көздөп жатат.

Президент аймакта инвестиция тартуу жана бизнес жүргүзүү шарттары канчалык татаал болсо, мамлекеттик колдоо ошончолук күчтүү болушу керектигин баса белгиледи.