Кыргызстан 2030-жылга чейин ИДПнын жылдык өсүшүн орточо 8%га жеткирүүнү көздөйт
сүрөт: depositphotos.com
22 октябрь

Кыргызстан 2030-жылга чейин ИДПнын жылдык өсүшүн орточо 8%га жеткирүүнү көздөйт

Кыргызстан 2030-жылдын аягына чейин ички дүң продуктунун (ИДП) реалдуу өсүшүн жылына орточо 8% деңгээлинде камсыздоону көздөйт. Бул максатты президент Садыр Жапаров 21-октябрда Бишкекте өткөн республикалык кеңешмеде белгиледи.

Ошондой эле түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымын жыл сайын 20%га көбөйтүү негизги көрсөткүчтөрдүн бири болот.

Мындан тышкары, бийлик макроэкономикалык туруктуулукту сактоону максат кылууда.

Бул милдеттерди ишке ашыруу үчүн Министрлер кабинетине экспортко багытталган сервистик-индустриалдык өнүгүү моделин даярдоо, соода жана бажы саясатын модернизациялоо, каржылоо системасын өзгөртүү жана билим берүү тармагын экономиканын жаңы моделинин талаптарына ылайыкташтыруу тапшырылды.