Кыргызстан атомдук энергетиканы өнүктүрүү үчүн инфраструктура даярдай баштайт
сүрөт: depositphotos.com
21 октябрь

Кыргызстан атомдук энергетиканы өнүктүрүү үчүн инфраструктура даярдай баштайт

Кыргызстанда атомдук энергетиканы өнүктүрүү үчүн зарыл болгон инфраструктураны даярдоо иштери башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 21-октябрда өткөн республикалык кеңешмеде билдирди.

Анын айтымында, жакынкы жылдардагы негизги милдеттердин бири — энергетикалык ресурстардын тартыштыгын жоюу.

Бул үчүн электр тармактарын жаңылоо, электр энергиясын өндүрүүчү кубаттуулуктарды көбөйтүү жана кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү пландалууда.

Президент негизги долбоорлордун катарында «Камбар-Ата-1» ГЭСин, «Кара-Кече» ЖЭБин, ошондой эле чакан жана орто ГЭСтерди атады.

Мындан тышкары, мунайзаттын туруктуу импортун камсыздоо жана күйүүчү-майлоочу майларды өз өлкөбүздө өндүрүүнү уюштуруу өзүнчө багыт катары каралат.