Кыргызстан менен Кытай аймактар жана шаарлар аралык кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөйт
сүрөт социалдык тармактардан алынды
21 октябрь

Кыргызстан менен Кытай аймактар жана шаарлар аралык кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөйт

Кыргызстан менен Кытай аймактар жана шаарлар аралык кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөйт. Бул тууралуу президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев 21-октябрда Кытайдын Сиань шаарында өткөн 2026-жылдагы Кытайдын эл аралык боордош шаарлар конференциясынын ачылыш аземинде билдирди.

Анын айтымына караганда, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасын бекем достук, ынак коңшулук жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелери байланыштырып турат.

«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу сооданы, логистиканы өнүктүрүүгө жана аймактык өз ара байланыштарды чыңдоого жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүндөгү оң динамиканы жана аймактар аралык кызматташтыктын кеңейип жатканы, эки өлкөнүн аймактарынын ортосунда 50дөн ашык боордоштук байланышты түзөт.

Мындан аркы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары катары соода-экономикалык байланыштарды, өнөр жай кооперациясын жана технологиялык өнөктөштүктү, туризмди өнүктүрүү, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштар чыңдалат.

Кыргызстандагы долбоорлорго, анын ичинде «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагына жана «Ала-Тоо Резорт» жыл бою иштей турган туристтик долбооруна кытайлык инвесторлорду тартууга өзгөчө көңүл бурулат. Ошондой эле биргелешкен ишканаларды түзүү, өндүрүштү жергиликтештирүү жана заманбап технологиялар менен алмашуу каралат.

Мындан тышкары, боордош шаарлардын ортосунда шаардык башкарууну санариптештирүү, инфраструктураны өнүктүрүү, билим берүү жана маданият тармактарында кызматташтыкты кеңейтүү сунушталат.

Эки өлкөнүн аймактары менен шаарларынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо максатында кыргыз-кытай аймактар аралык форумун өткөрүү механизмин түзүү демилгеси да көтөрүлдү.

Соңунда Кыргызстан менен Кытайдын элдеринин ортосундагы достукту мындан ары бекемдөөгө өбөлгө түзөрүнө жана жетишилген макулдашууларды конкреттүү биргелешкен долбоорлорго айландырууга мүмкүнчүлүк болот.