Кыргызстан Париждеги SIAL Paris көргөзмөсүндө улуттук павильонун биринчи жолу көрсөттү
видеодон алынган кадр
22 октябрь

Кыргызстан Париждеги SIAL Paris көргөзмөсүндө улуттук павильонун биринчи жолу көрсөттү

Кыргызстан эл аралык SIAL Paris 2026 азык-түлүк өнөр жайы көргөзмөсүнө өзүнүн улуттук павильону менен биринчи жолу катышууда.

Көргөзмө Париж шаарында 17-октябрдан 21-октябрга чейин өтүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» мамлекеттик мекемесинен билдиришти.

Улуттук павильондо ата мекендик жаңгак, кургатылган жемиш, бал, төө буурчак, тоңдурулган мөмө-жемиштерди, жашылча-жемиштерди жана башка азык-түлүк продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн товарлары коюлган.

Көргөзмөгө Sun Planet Organic, EximTorg, Abada Trade, Dary Tyan-Shanya, Aman Green Food жана VitaMiks бренди менен чыккан KyrgyzCenterProduct компаниялары катышууда.

Ал эми Kyrgyz Cognac компаниясы алкоголдук продукцияларын, Fa Fi компаниясы айыл чарба продукцияларын дүңүнөн сатууга жана соода өнөктөштөрүн табууга арналган санариптик платформасын тааныштырууда.

«Кыргыз Экспорт» мекемесинен белгилешкендей, SIAL Paris көргөзмөсүнө катышуу «Made in Kyrgyzstan» бренди менен чыгарылган продукцияларды жайылтууга, чет өлкөлүк сатып алуучулар жана дистрибьюторлор менен түз байланыштарды түзүүгө, ошондой эле кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.