Меруэт Бакирова, мугалим: «Үй утуп алганым мага дагы чоң дем берди»
22 октябрь

Меруэт Бакирова, мугалим: «Үй утуп алганым мага дагы чоң дем берди»

Мугалимдин эмгеги – балдарга билим берүү менен гана чектелбестен, алардын жөндөмүн ачып, туура жолго багыттоону да камтыйт. Тамчы айылындагы мектеп-гимназиянын мугалими Меруэт Бакирова үчүн Мугалимдер күнүнө карата уюштурулган республикалык сынакта жеңишке жетип, үй утуп алуу көптөн берки тилектин орундалышы болду. Бул жагымдуу окуя анын үй-бүлөсүнө кубаныч тартуулап гана тим болбостон, кесиптик ишине дагы дем берди. Биз Меруэт Өмүрбековна менен жеңиштин таасири, үй-бүлөсү жана мугалимдик кесиптин жоопкерчилиги тууралуу баарлаштык.

– Меруэт Өмүрбековна, сынактын жеңүүчүсү болуп, үй утуп алганыңызды укканда кандай сезимде болдуңуз? Ошол учур эсиңизде кандайча калды?

– Билим берүү министрлигинен жеңиш тууралуу кабарды укканда чексиз кубанычка бөлөндүм. Көп жылдык эмгегиңдин, изденүүңдүн бааланганын сезүү өзгөчө жагымдуу экен. Мындай кубанычты сөз менен айтып жеткирүү кыйын.

Мени биринчи болуп жолдошум жана дайыма колдоп келген кесиптештерим куттукташты. Алардын кубанычымды тең бөлүшүп, чын жүрөктөн сүйүнгөнү мен үчүн абдан баалуу болду. Кийин бул кабарды окуучуларым да угуп, мени менен кошо кубанышты.

– Чолпон-Ата шаарынан батир алуу үй-бүлөңүздүн көптөн берки кыялы экен. Бул жеңиш ошол тилегиңиздердин орундалышына кандай таасир этти?

– Ооба, Чолпон-Ата шаарынан батир алуу үй-бүлөбүздүн көптөн берки кыялы болчу. Азырынча Тамчы айылында ижарага алынган батирде жашайбыз. Айылда жер тилкебиз бар, үй курууну да баштаганбыз. Бирок курулушубуз толук бүтө элек.

Ошондуктан бул батир биз үчүн жөн гана белек эмес, үй-бүлөбүздүн келечегине болгон чоң колдоо болду. Өз үйүңдүн болушу ар бир адам үчүн маанилүү. Бул жеңиш бизге кубаныч тартуулап гана тим болбостон, келечекке ишеним менен кароого да түрткү берди.

– Мугалимдин күнүмдүк эмгеги дайыма эле көзгө көрүнүп, баалана бербейт. Сиздин оюңузча, мындай сыйлык мугалимдердин коомдогу ордун жана эмгегин баалоодо кандай мааниге ээ?

– Мугалимдик кесип чоң жоопкерчиликти, чыдамкайлыкты жана тынымсыз изденүүнү талап кылат. Ар бир баланын мүнөзү, кабыл алуусу жана жөндөмү ар башка. Ошондуктан окуучуларга билим берүү менен бирге алардын ар бирине туура багыт көрсөтүүгө аракет кылабыз.

Мен бул белекти көп жылдык эмгегимдин жана кесибиме болгон сүйүүмдүн бааланышы катары кабыл алдым. Мугалимдин эмгеги бааланганда анын өзүнө гана эмес, жалпы кесиптештерине да дем-күч берилет. Мындай колдоо бизди дагы жакшы иштөөгө, окуучуларыбызга сапаттуу билим жана татыктуу тарбия берүүгө шыктандырат.

– Жеңишиңизге окуучуларыңыз менен кесиптештериңиз да кошо сүйүнүштү. Алардын колдоосу сиз үчүн эмнеси менен өзгөчө болду?

– Алардын кубанычында чек болгон жок! Окуучуларымдын мени менен сыймыктанып, чын жүрөктөн сүйүнгөнүн көрүү өзгөчө сезим болду. Кесиптештерим да жылуу сөздөрүн айтып, жакшы тилектерин билдиришти.

Ошол учурда мени колдогон чоң мектеп жамааты жана сүйүктүү окуучуларым бар экенин дагы бир жолу сездим. Алардын кубанычы мага ишеним жана шык берди. Бул жеңиш жеке кубанычым гана эмес, жалпы жамаатыбыз бөлүшкөн жагымдуу окуя болуп калды.

– Үч балаңыз тең сиз иштеген мектепте окуйт экен. Улуу уулуңузга жана кызыңызга өзүңүз сабак берет турбайсызбы. Эне катары балдарыңызга мугалим болуунун өзгөчөлүгү эмнеде?

– Мен үч баланын бактылуу энесимин. Улуу уулум Аль-Амин 8-класста окуйт, бокс менен машыгат. Кызым Алия 7-класста, ал эми кенже уулум Умриэль 3-класста билим алат. Үчөө тең мен иштеген мектепте окушат.

Улуу уулума жана кызыма өзүм сабак берем. Ошондуктан алардын окуудагы жетишкендиктерин, өсүп-өнүгүүсүн үйдө гана эмес, мектепте да күн сайын көрүп турам. Албетте, мугалимдик иш менен үй-бүлөлүк милдеттерди айкалыштыруу оңой эмес. Бирок балдарымдын жанымда болгону, алардын ийгиликтерине күбө болуп жатканым мага өзгөчө кубаныч тартуулайт.

Жолдошум Тамчыбек да менин чоң таянычым. Ал ИММдин ардагери. Үй-бүлөдө бири-бирибизди түшүнүп, колдоп турабыз. Адамдын ийгилигинде жакындарынын колдоосу чоң роль ойнойт деп эсептейм.

– Сиз Тамчы айылындагы мектеп-гимназияда тарых, «Адам жана коом» сабактарынан билим берет экенсиз. Эмне үчүн дал ушул кесипти тандадыңыз жана окуучуларыңызга эмнени үйрөтүүнү маанилүү деп эсептейсиз?

– Мугалимдик кесип мага жаш муундун дүйнө таанымын калыптандырууга салым кошууга мүмкүнчүлүк берет. Тарыхты окутуу аркылуу балдарга өткөндү таанытып, андан сабак алууга үйрөтсөк, «Адам жана коом» сабагы алардын коомдогу ордун түшүнүүсүнө жардам берет.

Мен үчүн окуучуларга сабакты түшүндүрүү менен эле чектелбестен, алардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, өз алдынча чечим кабыл алуусуна жана жакшы адам болуп калыптанышына көмөк көрсөтүү да маанилүү. Бүгүнкү күндө өз ишимди сүйүп, балдарга билим жана тарбия берүүгө аракет кылып келем.

– Бул жеңиш сизге жаңы дем берди. Алдыда кандай максаттарды көздөп, мугалимдик ишиңизде эмнелерге жетишүүнү каалайсыз?

– Үй утуп алганым мага дагы чоң дем берди. Мугалимдин эмгеги бааланып, ага колдоо көрсөтүлгөнү кесипке болгон ишенимди арттырат. Мындан ары да өз ишимди сүйүп, окуучуларыма сапаттуу билим жана татыктуу тарбия берүүгө аракет кылам.

Ар бир баланын келечегине салым кошуу – мугалимдин негизги милдети. Окуучуларымдын ийгиликтерине кубанып, алардын жакшы адам болуп калыптанышына жардам берүү мен үчүн чоң бакыт. Бул жеңиш үй-бүлөмө да, кесиптик ишиме да жаңы дем-күч берди. Алдыда дагы көптөгөн жакшы иштерди жасоого умтулам.