Айгүл Жапарова Самарканддагы “IMKON” адистештирилген балдар бакчасына жана реабилитациялык борборуна барды
Айгүл Жапарованын социалдык тармактагы баракчасынан
22 октябрь

Айгүл Жапарова Самарканддагы “IMKON” адистештирилген балдар бакчасына жана реабилитациялык борборуна барды

Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарова Өзбекстан, Ливан, Пакистан, Түркия, Зимбабвенин биринчи айымдары жана башка жогорку даражалуу коноктор менен биргеликте Самарканд шаарындагы реабилитациялык борбору бар көп тармактуу адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюму - “IMKON” борборунун ачылышына катышты.

Жогорку даражалуу коноктордун катышуусундагы борбордун ачылышы “Балдардын бакубаттуулугуна инвестиция салуу: келечек муундардын туруктуу жана адилеттүү өнүгүүсүнө карай жол” аттуу Дүйнөлүк саммиттин жана Балдар онкологиясы боюнча II эл аралык конгресстин алкагында өттү.

Өзбекстан Республикасында реабилитациялык борборлору бар “IMKON” мамлекеттик көп тармактуу адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тармагы түзүлгөн. Алардын өзгөчөлүгү - бир мекемеде мектепке чейинки билим берүүнү, коррекциялык-педагогикалык жардамды, комплекстүү реабилитацияны, психологиялык коштоону жана балдардын социалдык адаптациясын айкалыштыргандыгында болуп саналат.

Система иштин эки багытын камтыйт. Мектепке чейинки билим берүү 2 жаштан 7 жашка чейинки балдарга арналган. Анда окутуу жана тарбиялоо жекече коррекциялык жана реабилитациялык иш-чаралар менен айкалыштырылат. Амбулатордук багыт 2 жаштан 18 жашка чейинки балдарга ылайыкталган. Алар ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосунда реабилитациялык курстардан өтүшөт.

Борборго баруу учурунда биринчи айымдарга мекеменин ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берилип, балдар үчүн колдонулган процедуралар жана терапиянын түрлөрү көрсөтүлдү. Алардын катарында дарылоочу дене тарбиясы, акватерапия, майда моториканы өнүктүрүү, сенсордук интеграция, музыкалык терапия, жомок терапиясы жана башка ыкмалар бар.

Учурда өлкө боюнча бул тармак беш мекемени камтыйт. Борборлордун ишмердүүлүгүнүн негизги натыйжалары балдарды адистештирилген жардам менен камтууну кеңейтүү менен гана чектелбестен, алардын өнүгүүсүндө, өз алдынчалыгын калыптандырууда жана социалдык адаптациясында конкреттүү өзгөрүүлөргө жетишүүнү да камтыйт. Мекемелердин ишмердүүлүгү толугу менен мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат.

Мекемени кыдырып, анын кызматкерлери менен баарлашкан биринчи айымдар балдар үчүн түзүлгөн шарттарга жогору баа беришип, бул жакшы демилгени мындан ары да ишке ашырууда ийгиликтерди каалашты.

Кыдыруунун соңунда балдар жогорку даражалуу конокторго өз колдору менен жасаган эстелик белектерин тартуулашты.