Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү жаран кармалды
22 октябрь

Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына Т.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда С.З. аттуу жаранга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү өтүнгөн. Арыз ээсинин билдирүүсүнө ылайык, аталган жаран алдоо же ишенимин кыянаттык менен пайдалануу жолу менен башка бирөөнүн мүлкүн же мүлккө болгон укугун ээлеп алуу максатына жаранга өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражатын берген.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (Алдамчылык) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Окуянын жагдайларын аныктоо жана кылмышка шектүү жаранды кармоо максатында Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында С.З. аттуу жарандын өздүгү аныкталып, ал милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Учурда шектүү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.