Кыргызстанда 2 959 ЖМК катталган
Сүрөт ачык булактардан алынды
22 октябрь

Кыргызстанда 2 959 ЖМК катталган

Кыргызстанда 2 миң 959 жалпыга маалымдоо каражаты (ЖМК) катталган. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти.

Министрлик ЖМКлардын жаңы ачык реестрин толтурууну толугу менен аяктады.

Реестрде катталган, кайра каттоодон өткөн жана ишмердүүлүгүн токтоткон ЖМКлар тууралуу маалыматтар камтылган. Аны жеке жана юридикалык жактар эркин пайдалана алышат.

Жаңы тартип Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги №241 «Жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик каттоонун, кайра каттоонун жана каттоодон баш тартуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому менен каралган.

Эми ЖМКны каттоого документтерди тапшырардан мурун уюштуруучу реестр аркылуу тандаган аталышы бош экенин өз алдынча текшере алат.

ЖМКны каттоо, кайра каттоо жана ишмердүүлүгүн токтотууну тариздөө документтердин толук топтому тапшырылгандан кийин 10 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.

Каттоо жөнүндө күбөлүк электрондук түрдө берилет. Аны Юстиция министрлигинин сайтынан алууга болот. Ошондой эле арыз ээсинин өтүнүчү боюнча документ электрондук почта же мессенжер аркылуу жөнөтүлүшү мүмкүн.

Электрондук күбөлүк жана реестрден алынган көчүрмө мамлекеттик, муниципалдык, сот жана укук коргоо органдары тарабынан таанылат.

ЖМКны кайра каттоо уюштуруучу алмашканда же аталышы өзгөргөндө гана талап кылынат.

Ачык реестрден ЖМКнын аталышы, катталган күнү, түрү жана менчик формасы, басылманын же берүүнүн тили, таралуу аймагы, уюштуруучулары жана башкы редактору тууралуу маалыматтарды, ошондой эле кайра каттоо же ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча маалыматтарды табууга болот.

Кыргызстанда ЖМК түзгөн юридикалык жактардын акцияларынын, үлүштөрүнүн же пайларынын 35 пайыздан ашыгына чет өлкөлүк жарандардын, чет өлкөлүк юридикалык жактардын жана жарандыгы жок адамдардын ээлик кылуусуна, пайдалануусуна, тескөөсүнө же башкаруусуна тыюу салынат.