Кыргызстанда онкологиялык ооруларды дарылоого 2,5 млрд сом бөлүндү
Сүрөт ачык булактардан алынды
22 октябрь

Кыргызстанда онкологиялык ооруларды дарылоого 2,5 млрд сом бөлүндү

Кыргызстанда 2026-жылы онкологиялык ооруларды дарылоого мамлекеттик бюджеттен 2,5 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов Самарканд шаарында өткөн «Балдар онкологиясы жана гематологиясы» аттуу эл аралык конгресске катышып жатып билдирди.

Министрдин айтымында, буга чейин бул максатка 1,5 млрд сом бөлүнүп келген. Быйыл каржылоонун көлөмү 2,5 млрд сомго чейин көбөйтүлдү.

Ал кошумча каражаттар онкологиялык оорулары бар бейтаптар үчүн дары-дармектердин жетишсиздигин кыйла азайтууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

Ошол эле учурда саламаттык сактоо министри бөлүнгөн каражат тармактын бардык муктаждыктарын толук жабууга азырынча жетишсиз экенин баса белгиледи.

«Албетте, бул сумма бардык чыгымдарды жаба албайт. Бирок каржылоо жылдан жылга көбөйүп турса, бейтаптарды дарылоо үчүн жакшы шарттарды түзө алабыз», — деди Дамирбек Осмонов.