Медиаторлорго кайрылган тараптардын 75%га жакыны макулдашууга жетишет — Медиаторлор палатасы
Кыргызстанда медиация институту иштей баштагандан бери жети жылга жакын убакыт ичинде медиаторлорго 10 миңден ашык кайрылуу катталган. Бул тууралуу Кыргызстандын Медиаторлор палатасынын төрайымы Гүлсина Кожоярова «Биринчи радионун» «Кыргызстан» программасынын эфиринде билдирди.
Анын айтымында, бардык кайрылуулардын болжол менен жарымында тараптар медиация аркылуу өз ара макулдашууга жетише алышкан.
Ал эми маалыматтык жолугушуудан кийин медиация жол-жобосуна катышууга макул болгон тараптардын арасында макулдашууга жетишүү көрсөткүчү 70–75%ды түзөт.
Кожоярова белгилегендей, медиаторлорго ыктыярдуу кайрылуу практикасынын жетишсиз жайылышы 2027-жылдан тартып айрым категориядагы иштер боюнча милдеттүү маалыматтык жолугушууну киргизүүнүн себептеринин бири болгон.
