2026-жылдын тогуз айында Кыргызстанда энелердин өлүмү 34,4 пайызга азайды
Кош бойлуулуктун татаалдашууларынын алдын алуу, үй-бүлөнү пландоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, тобокелдик факторлорун өз убагында аныктоо жана аялдарга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардан болуп саналат.
2026-жылдын тогуз айындагы ыкчам маалыматтарга ылайык, Кыргыз Республикасында кош бойлуулук, төрөт жана төрөттөн кийинки мезгилде энелердин өлүмүнүн 23 учуру катталган. Энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү 100 000 тирүү төрөлгөн балага карата 22,1 учурду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34,4 пайызга төмөн.
Оң динамикага карабастан, энелердин өлүмүнүн ар бир учуру себептерин жана жагдайларын тыкыр талдоону талап кылат. Мындай талдоонун максаты — келечекте ушул сыяктуу учурлардын алдын алуу боюнча зарыл чараларды аныктоо.
Үй-бүлөнү пландоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Мамлекет тарабынан заманбап контрацепция каражаттарын сатып алууга 12,5 млн сом бөлүү каралган. Бул каражаттар социалдык жактан аялуу топторго кирген аялдар үчүн да жеткиликтүү болот. Мындан тышкары, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун алкагында айрым контрацепция каражаттарын жеңилдетилген баада сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди.
Кош бойлуулук жана төрөттөн кийинки мезгилде аялдарды колдоого өзгөчө көңүл бурулууда. Камсыздандырылбаган аялдарга милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин акысыз алуу мүмкүнчүлүгү каралган. Бул программанын алкагында көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардан пайдаланууга жана дары-дармектерди жеңилдетилген шарттарда алууга мүмкүндүк берет.
Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлиги репродуктивдик ден соолук жаатындагы медициналык жардамды уюштурууну өркүндөтүү, медициналык-социалдык тобокелдик факторлорун эске алуу менен эсепке алуу жана отчеттук документтерди кайра карап чыгуу, ошондой эле үй-бүлөнү пландоо жана кош бойлуулуктун татаалдашууларынын алдын алуу боюнча калкка маалымат берүүнү күчөтүү багытында иш алып барууда.
Эненин өмүрүн жана ден соолугун сактоо комплекстүү мамилени талап кылат. Ал кош бойлуулукка алдын ала даярданууну, медициналык жардамга өз убагында кайрылууну, кош бойлуулук учурунда сапаттуу медициналык көзөмөлдү жана төрөттөн кийин тийиштүү медициналык коштоону камтыйт.
Энелердин өлүмүн азайтуу саламаттык сактоо системасынын эң маанилүү милдеттеринин бири бойдон калууда. Туруктуу натыйжаларга жетишүү үчүн медициналык жардамды мындан ары да өркүндөтүү, тобокелдиктерди өз убагында аныктоо жана аялдардын репродуктивдик ден соолукту сактоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу зарыл.
