Унаадан бөлүнүп чыккан зыяндуу заттар: Баткенде үч айдоочуга 22 миң сом айып салынды
Жаратылыш ресурстары министрлиги
22 октябрь

Унаадан бөлүнүп чыккан зыяндуу заттар: Баткенде үч айдоочуга 22 миң сом айып салынды

Баткен районунда автотранспорт каражаттарынан атмосфералык абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын белгиленген ченемдерге шайкештигин аныктоо максатында рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.

Жаратылыш ресурстары министрлигинен кабарлашкандай, рейддин жүрүшүндө 20дан ашуун жүк ташуучу жана жеңил унаа текшерүүдөн өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында айрым автотранспорт каражаттарынан бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын өлчөмү белгиленген ченемдерден ашканы аныкталды.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык үч айдоочуга административдик протокол түзүлүп, жалпы суммасы 22 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.