Бишкектеги жаңы Улуттук травматология жана ортопедия борборунун чатырына тик учак конуучу аянтча курулат
Сүрөт ачык булактардан алынды
22 октябрь

Бишкектеги жаңы Улуттук травматология жана ортопедия борборунун чатырына тик учак конуучу аянтча курулат

Бишкек шаарындагы жаңы Улуттук травматология жана ортопедия борборунун чатырына тик учак конуучу аянтча курулат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине берген маегинде борбордун директору Сабырбек Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, аянтча жети кабаттуу медициналык комплекстин батыш канатынын чатырына жайгаштырылат.

Бул өлкөнүн аймактарында жол кырсыктарынан жана башка өзгөчө кырдаалдардан оор жаракат алган бейтаптарды Бишкекке тез жеткирүүгө мүмкүндүк берет.

«Кыргызстандын каалаган жеринен жабыркаган адамды бир-эки сааттын ичинде бул жакка жеткирип, андан соң дароо операциялык бөлмөгө же жандандыруу бөлүмүнө алып барууга болот», — деди ал.

Мындай чечим оор жаракат алган бейтаптар үчүн өзгөчө маанилүү. Анткени медициналык жардамды өз убагында көрсөтүү дарылоонун жыйынтыгына түздөн-түз таасир этет.

Жаңы борбордо 13 операциялык зал, жандандыруу бөлүмдөрү, кычкылтек берүү жана абаны тазалоо боюнча заманбап системалар каралган.