“Социалдык контракттын” 3-этабы башталды. Бул жолу кайтарымсыз акча жеке ишкерлерге берилет
“Социалдык контракт” программасынын 3-этабы башталды. Мында көңүл жумушсуз катары расмий каттоодо турган жарандарга жасалууда жана аларды иш менен камсыз кылуу үчүн жеке ишкерлер программага тартылат.
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Гүлмайрам Автандил кызы “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
“Кайтарымсыз каражатты бир гана аз камсыз болгон жана жакыр жашаган үй-бүлөлөргө гана бербестен, жумушсуз катары расмий каттоодо турган жарандарга да берели деп сунуштап, муну пилоттук долбоор аркылуу ишке ашырууга белсендик. Учурда бул багытта катышуучулардан арыздар кабыл алына баштады”, – деди ал.
Айтымында, пилоттук долбоор бир жылдык жана быйылкы жылга бөлүнгөн бюджеттин алкагында ишке ашырылат. Төрт локация тандалып алынган – Бишкек, Ош, Каракол шаары жана Баткен облусундагы Кадамжай району. Максат – төрт локацияда 25тен кем эмес жумуш орунун түзүү.
“Чакан жеке ишкерлер программага катышуу үчүн арыз жазышат. Биздин министрликтин аймактык башкармалыктары алар менен социалдык контракт түзүшөт. Ар бир ишкер канча адамды жумуш менен камсыз кыла алаарын көрсөтөт. Бир же эки орун деп көрсөтсө болот, башкысы 5 орундан көп эмес. Ал ишкерлерге бизде жумушсуз катары каттоодо турган жарандарды жөнөтөбүз”, – деди Автандил кызы.
Белгиленгендей, ар бир жумуш оруну үчүн 150 миң сом кайтарымсыз каражат төлөнөт. Программага каалаган жеке ишкер катыша алат, бирок буга чейин “Социалдык контракттын” катышуучусу болуп, жеке ишкер катары өсүп жетилгендерге артыкчылык берилет.
“Жеке ишкерлерге бир катар талаптар коюлат: өзү катышкан аймакта туруктуу иш алып барышы керек. Акыркы бир жылда ишкер катары туруктуу салык төлөгөн декларациясы болууга тийиш. Жумушчуларга ошол аймактын бирдигиндеги эмгек акыдан кем эмес маяна төлөөсү зарыл. Ал эми жумушсуз жарандар боюнча айтсак, программага катышууну каалагандар сөзсүз түрдө жумушсуз катары расмий каттоого турушу керек жана алардын арасынан аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрүнө артыкчылык берилет”, – деди.
Кошумчалагандай, министрлик программанын катышуучуларына мониторинг жүргүзүп турат. Бирок берилген каражат кайда коротулганын текшеришпейт. Текшерүү жеке ишкерге жиберилген жумушсуз жарандар туруктуу, эмгек мыйзамдарына ылайык иштеп жатышабы, иш ордунун шарттары жакшыбы, айлык акысы адилеттүү коюлганбы – ушул багытта жасалат.
