Кыргызстан менен Roche компаниясы дары-дармек менен камсыздоо жана балдар онкологиясын өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты
23 октябрь

Кыргызстан менен Roche компаниясы дары-дармек менен камсыздоо жана балдар онкологиясын өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты

Самарканд шаарында өткөн балдар онкологиясы боюнча эл аралык саммиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү Roche эл аралык фармацевтикалык компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда онкологиялык ооруга чалдыккан бейтаптар үчүн заманбап дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле балдар онкологиясы жана онкогематологиясы жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечеги негизги көңүл борборунда болду.

Тараптар инновациялык дарылоо ыкмаларынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, дары-дармек менен камсыздоо ыкмаларын өркүндөтүү жана улуттук саламаттык сактоо системасынын муктаждыктарын эске алуу менен заманбап дарылоо ыкмаларын киргизүү маселелери боюнча кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Залалдуу шишик оорулары менен жабыркаган балдарды дарылоо маселелерине өзгөчө маани берилди. Бул багытта натыйжалуу дары-дармектерди өз убагында алуу принципиалдуу мааниге ээ экени белгиленди. Балдар онкологиясын өнүктүрүү клиникалык протоколдорду өркүндөтүүнү, диагностикалык инфраструктураны өнүктүрүүнү, медициналык кадрларды даярдоону жана зарыл дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууну камтыган комплекстүү мамилени талап кылары баса белгиленди.

Эл аралык фармацевтикалык компаниялар менен кызматташуу саламаттык сактоо системасын чыңдоонун жана заманбап дарылоо ыкмаларынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча туруктуу чечимдерди табуунун багыттарынын бири катары каралууда.

Кызматташуунун жалпы максаты — Кыргыз Республикасындагы бейтаптарды, анын ичинде онкологиялык ооруга чалдыккан балдарды зарыл болгон натыйжалуу дары-дармектер жана заманбап дарылоо ыкмалары менен камсыз кылуу.