Сайдали Мамажанов: «Картайган дарактардын ордуна жаш дарактар өсүп чыкпаса, токойдун келечегине коркунуч жаралат»
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Арстанбап-Ата жаңгак токою – Кыргызстандын баалуу жаратылыш мурастарынын бири. Арстанбап-Ата токой чарбасынын директору Сайдали Мамажанов менен токойдун бүгүнкү абалы, аны сактоо жана калыбына келтирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маектештик.
«Мал жаш көчөттөрдүн өсүшүнө тоскоол болууда»
– Сайдали Макенбаевич, Арстанбап токоюнун бүгүнкү абалы кандай?
– Арстанбап-Ата – дүйнөдөгү ири жапайы жаңгак токойлорунун бири. Бул жерде жаңгактан тышкары алма, алча, бадам жана башка дарактар өсөт. Токой суу булактарын коргоп, жердин эрозияга учурашына бөгөт коюп, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодо маанилүү роль ойнойт.
Бүгүнкү күндө бизди эң көп тынчсыздандырган маселе – калктын жана малдын санынын көбөйүшү. Мал жаңы өнүп чыккан көчөттөрдү жеп, тебелеп, алардын өсүп жетилишине тоскоол болууда. Эгер картайган дарактардын ордуна жаш дарактар өсүп чыкпаса, келечекте токойдун аянты кыскарышы мүмкүн.
Мал кирбеген, тосулган тилкелерде жаш көчөттөр жакшы өсүп жатканын көрүүгө болот. Бул токойду калыбына келтирүүдө малдан коргоо канчалык маанилүү экенин көрсөтөт.
Жыл сайын 30–40 гектарга көчөт отургузулат
– Токойду калыбына келтирүү үчүн кандай аракеттер жасалып жатат?
– Токой кызматынын тапшырмасы менен жыл сайын 30–40 гектар жерге ар түрдүү дарактардын көчөттөрүн отургузабыз. Алгач көчөт тигиле турган аянттар тосулат. Бул жаш дарактарды малдан коргоонун натыйжалуу жолу.
Өзүбүздүн көчөтканабызда жаңгак, алма, алча, бадам жана башка дарактардын көчөттөрүн өстүрөбүз. Аларды аралаш отургузууга көңүл бурабыз. Себеби дарактардын түрдүүлүгү токойдун биологиялык туруктуулугун сактоого жардам берет. Өстүргөн көчөттөрүбүзгө өлкөнүн башка аймактарынан да суроо-талап бар.
«Токойду сактоо – жалпы жоопкерчилик»
– Мыйзамсыз курулуштар жана жайыттарды көзөмөлсүз пайдалануу боюнча абал кандай?
– Бул маселелер токойду коргоо менен түздөн-түз байланыштуу. Мыйзамсыз курулуштарды мыйзам чегинде тартипке келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ал эми жайыттарды көзөмөлсүз пайдаланууну жөнгө салууда жергиликтүү тургундар менен түшүндүрүү иштерине басым жасайбыз. Токойдун келечеги ар бир жарандын жоопкерчилигине байланыштуу экенин айтып келебиз.
Мындан тышкары, токойдун абалын көзөмөлдөп, зыянкечтерге жана илдеттерге каршы иштерди жүргүзөбүз. Өз убагында байкоо жүргүзүү көйгөйлөрдү эрте аныктоого жардам берет.
Токойду коргоо көчөт отургузуу же тосмо куруу менен эле чектелбейт. Ал ар бир адамдын жаратылышка болгон мамилесинен башталат. Биздин милдет – бул баалуу мурасты сактап, кийинки муундарга жеткирүү.
