Таиланд өлкөдөн чыгып жаткан авиажүргүнчүлөргө салык киргизүүнү кийинкиге калтырды
Таиланддын Финансы министрлиги өлкөдөн чыгып жаткан авиажүргүнчүлөргө салык киргизүүнү кийинкиге калтырды. Бул тууралуу өлкөнүн каржы министри жана вице-премьер-министри Экнити Ниттханапрапат билдирди.
Анын айтымында, бийлик туризм тармагындагы оң динамиканы сактап калуу үчүн жаңы төлөмдү азырынча киргизбөө чечимин кабыл алды.
Алдын ала долбоорго ылайык, өлкөдөн чыгып жаткан ар бир авиажүргүнчүдөн 1 миң бат (болжол менен 31 доллар) өлчөмүндө салык алуу каралган. Бул сумма авиабилеттердин баасына кошулмак. Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда келечекте төлөмдү 5 миң батка чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү да каралган.
Финансы министрлиги 2026-жылдын аягында туризм тармагы үчүн оор мезгил болушу мүмкүн деп эсептейт. Ошондуктан азыр саякатчыларга жана бизнеске кошумча каржылык жүк жүктөө туура эмес деп белгиленди.
«Биз Кирешелер департаменти менен талкуулап, туризмдин өнүгүүсүн улантышын каалагандыктан, бул демилгени азырынча улантпай турууну чечтик», — деди министр.
Ошондой эле бийлик Бангкокто Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун иш-чаралары өткөндөн кийин туризм тармагында жаралган оң таасирди сактап калууга үмүттөнүүдө.
Буга чейин Таиландда чет өлкөлүк туристтердин визасыз жүрүү мөөнөтүн 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартуу маселеси да талкууланган.
