Кыргызстанда кайсы аймакта турак үйлөр эң кымбат – райондордун рейтинги
2026-жылдын июль айында турак үйдүн бир чарчы метринин орточо баасы эң жогору Бишкек шаарында катталды – 167 941,1 сом.
Мындай маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик келтирди.
Экинчи орунда Аламүдүн району турат – турак үйдүн бир чарчы метри 126 561,44 сом. Ага дээрлик жакын көрсөткүч Ош районунда катталып, чарчы метри 126 438,3 сомду түздү.
Андан кийинки орундарда Сокулук району – 95 496,09 сом жана Каракол-Ак-Суу – 95 204,1 сом турат.
Өзгөндө турак үйдүн бир чарчы метринин орточо баасы 78 338,55 сом, Жайыл районунда – 73 641,39 сом, Чүй-Токмок аймагында – 70 890,63 сомду түздү.
Ошентип, борбор калаадан кийинки турак үйлөрдүн эң жогорку баалары Аламүдүн жана Ош райондорунда катталган.
