Эгемендүүлүк күнүнө карата 5 миң сомдон берилет деген жалган маалымат тарап жатат
Сүрөт ачык булактардан алынды
24 август

Эгемендүүлүк күнүнө карата 5 миң сомдон берилет деген жалган маалымат тарап жатат

Социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровдун атынан Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата 5000 сом өлчөмүндө бир жолку төлөм берилет деген жалган маалымат таралууда.

ИИМден жарыяда көрсөтүлгөн шилтеме аркылуу каттоодон өтүп, төлөмдү алуу сунушталып жатканын кабарлашты.

Ички иштер министрлиги мындай билдирүүлөрдө көрсөтүлгөн шилтемелерге кирбөөнү жана жеке маалыматтарды, банктык реквизиттерди жана башка купуя маалыматтарды киргизбөөнү өтүнөт.

"Мамлекеттик төлөмдөр жана башка расмий чечимдер тууралуу маалыматтарды мамлекеттик органдардын расмий жана ишенимдүү булактарынан гана алыңыздар. Мамлекеттик символдорду жана кызмат адамдарынын ысымдарын пайдаланып, жарандарды адаштырууга жасаган алдамчылардын аракеттерине жол бербеңиздер", - деп айтылат маалыматта.