Сүрөт ачык булактардан алынды
24 август
Бишкектин бир бөлүгүндө 27-августта таза суу жок болот
Бишкектин бир бөлүгүндө 27-августта саат 09:00дөн саат 21:00гө чейин таза суу жок болот, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Өчүрүү району: 9-кичи райондун бир бөлүгү, Малдыбаев көчөсү - Сүйөркулов көчөсү - К. Тыныстанов көчөсү - И. Ахунбаев көчөсү.
Диаметри 200 мм болгон суу түтүгүндөгү аварияны жоюу иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу менен жабдуу убактылуу токтотулат.
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.
