Айтматовдун, Сыдыкбековдун жана Касымбековдун чыгармалары аудиоспектакль форматында чыгарылат
Сүрөт ачык булактардан алынды
23 октябрь

Айтматовдун, Сыдыкбековдун жана Касымбековдун чыгармалары аудиоспектакль форматында чыгарылат

Кыргызстанда «Улуттук адабияттын үндөрү» аттуу көркөм аудиокитептер сериясын түзүү сунушталууда.

Долбоор мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн 2026–2028-жылдарга карата программасына сунушталган өзгөртүүлөргө киргизилген.

Долбоордун алкагында 16 көркөм аудиоспектаклден турган санариптик жыйнакты даярдоо пландалууда. Ага Чыңгыз Айтматовдун, Түгөлбай Сыдыкбековдун, Төлөгөн Касымбековдун жана башка кыргыз жазуучуларынын чыгармалары кирет.

Долбоордун негизги максаты — кыргыз классикалык адабиятын заманбап санариптик форматта жаш муундарга жайылтуу.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия аудиоспектаклдер кыргыз тилиндеги сапаттуу адабий контенттин көлөмүн көбөйтүп, классиктердин чыгармаларын кеңири аудиторияга жеткиликтүү кылууга өбөлгө түзөт деп эсептейт.