«Жунхай» базарындагы өрт. Тилсиз жоонун аянты 600 чарчы метрди түздү
Сүрөт ачык булактардан алынды
23 октябрь

«Жунхай» базарындагы өрт. Тилсиз жоонун аянты 600 чарчы метрди түздү

Бишкектеги «Жунхай» базарындагы өрттүн аянты алдын ала маалымат боюнча 500–600 чарчы метрди түздү. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан жана Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ибраимов көчөсүндө жайгашкан базарда өрт чыкканы тууралуу милицияга 22-октябрда саат 19:40та кабар түшкөн. Окуя болгон жерге Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу дароо барган.

Базардын аймагы курчоого алынып, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн 200дөн ашык милиция кызматкери тартылган.

Ошондой эле окуя болгон жерге тез жардам бригадасы келген. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Искендер Сулайманов да базарга барган. Учурда окуя болгон жерде контейнерлердин ээлери жана ижарачылары жүрөт.

Буга чейин ӨКМ өрттү өчүрүүгө жети өрт өчүрүүчү бөлүм тартылганын билдирген. Окуя болгон жерде ыкчам штаб түзүлүп, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу дрон менен иш алып барган.

Өрт фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталды. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү такталууда.