МСК салык төлөөчүлөрдү каттоо маалыматтарынын актуалдуулугун текшерүүгө чакырат
Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдү Салык төлөөчүнүн кабинетиндеги каттоо маалыматтарынын актуалдуулугун текшерүүгө чакырат.
Текшерүү юридикалык жактар, жеке жактар жана жеке ишкерлер тарабынан Салык төлөөчүнүн кабинетиндеги «Сервистер» бөлүмүндөгү № 24 жана № 25 формаларында жүргүзүлүшү керек.
Мында төмөнкү маалыматтарды текшерүү зарыл:
- салыктык каттоо жүргүзүлгөн райондун иш жүзүндө иш жүргүзүлүп жаткан жерге же мүлктүн жайгашкан жерине шайкештигин;
- салыктардын жана колдонулуп жаткан салык режимдеринин туура көрсөтүлүшүн;
- байланыш жана идентификациялык маалыматтардын актуалдуулугун.
Эгерде дал келбестиктер аныкталса, маалыматтарды тактоо жана оңдоо үчүн катталган жери боюнча тиешелүү аймактык салык органына мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө кайрылуу зарыл.
Жеке ишкерлер Салык төлөөчүнүн кабинетиндеги «ЖИни кайра каттоо» онлайн-сервисин да пайдалана алышат.
Салык кызматы саттоо маалыматтарынын эскирген же туура эмес болушу салыктык милдеттенмелердин туура эмес эсептелишине, салыктык башкаруу чараларынын, анын ичинде эсептер боюнча чектөөлөрдүн колдонулушуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик жоопкерчиликке тартылууга алып келиши мүмкүндүгүн эскертет.
Мүмкүн болгон талаштуу жагдайлардын алдын алуу жана салыктык эсепке алуунун туура жүргүзүлүшүн камсыз кылуу максатында салык төлөөчүлөргө каттоо маалыматтарын өз убагында текшерүү жана зарыл болгон учурда жаңылоо сунушталат.
