Макмал аймагында ири темир жол жана контейнердик түйүн түзүү сунушталды
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
23 октябрь

Макмал аймагында ири темир жол жана контейнердик түйүн түзүү сунушталды

Макмал аймагында контейнердик инфраструктурасы жана мультимодалдык жүк ташуу мүмкүнчүлүктөрү бар ири темир жол станциясын курууну алдын ала пландаштыруу зарыл. Бул тууралуу транспорт боюнча эксперт Талант Садакбаев «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал темир жол багытын өнүктүрүү үчүн темир жолдорду гана эмес, жүктөрдү кабыл алуу жана иштетүүчү толук кандуу инфраструктураны да түзүү керек.

Эксперт белгилегендей, Макмал аймагында техникалык параметрлери ар башка болгон темир жол линиялары туташкандыктан, бул жерде ири транспорттук түйүн талап кылынат.

«Ал жерде чоң станция, контейнердик станция болушу керек. Бул мультимодалдык жүк ташууга шарт түзөт», – деди ал.

Садакбаевдин пикиринде, долбоорлоо учурунда жүктөрдү кайра жүктөө, контейнерлерди сактоо жана автомобиль менен темир жол транспортунун өз ара байланышын камсыз кылуу үчүн атайын жайларды алдын ала караштыруу зарыл.

Анын айтымында, мындай объектилер темир жолду ички жүк ташууда гана эмес, Кыргызстанды эл аралык транспорттук коридорлорго интеграциялоодо да пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.