Баш байге 1 млн сом. Чолпон-Ата шаарында республикалык айтыш өтөт
2026-жылдын 31-октябрында Кыргыз улуттук «Манас» театрында Чолпон-Ата шаарынын 50 жылдык мааракесине арналган төкмө акындардын республикалык айтышынын тандоо туру өтөт.
Катышуучуларды каттоо саат 09:00дөн 10:00гө чейин жүргүзүлүп, тандоо туру саат 10:00дө башталат.
Айтыштын негизги максаты — кыргыз элинин кылымдардан бери келе жаткан руханий мурасы болгон төкмөлүк өнөрдү сактоо, өнүктүрүү жана жайылтуу, Чолпон-Ата шаарынын тарыхый-маданий баалуулуктарын даңазалоо, жаш таланттарды колдоо жана акындык өнөрдүн салттуу мектебин улантуу.
Ошондой эле улуттук нарк-насилди, каада-салтты, мекенчилдик сезимди жана элдик биримдикти даңазалоого өзгөчө көңүл бурулат.
Тандоо турунда акындардын жуптары чүчүкулак аркылуу аныкталып, алым сабак айтышат. Ар бир жупка 4–5 мүнөт убакыт берилет. Калыстар тобунун чечими менен эң жогорку упай топтогон 12 акын финалдык баскычка өтөт. Катышуучулардын төкмөлүк чеберчилиги, сөз байлыгы, теманы ачып берүү жөндөмү, ырларынын көркөмдүгү, үнүнүн кооздугу, комуз чертүү чеберчилиги жана сахна маданияты бааланат. Кыргыз акындары казак обонуна салып ырдаган учурда эки упай кемитилет.
Айтыштын финалдык баскычы 2026-жылдын 6-ноябрында саат 14:00дө Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтөт.
Финалдык беттештер упайлык негизде өткөрүлүп, акындардын жуптары чүчүкулак аркылуу аныкталат.
Байге фондунун жалпы суммасы — 1 000 000 сом.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук «Манас» театры, Чолпон-Ата шаардык мэриясы жана «Айтыш» коомдук фонду тарабынан уюштурулууда.
