Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө боюнча жыйын өттү
Жайыл районунда улуттар, этностор жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга Жайыл районунун акимдин орун басары Г. Бообекова, Жайыл РИИБдин башчысы М.Б. Калманбетов, Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын этникалык маселелер боюнча адиси Б. Боруков, «Содружество» диаспоралар коомунун төрагасы Х. Хашимов жана 13 диаспоранын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө коомдук ынтымакты жана биримдикти сактоо, улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык чыр-чатактардын алдын алуу, ошондой эле мамлекеттик органдар менен диаспоралардын өз ара кызматташуусун күчөтүү маселелери талкууланды.
Катышуучулар коомдогу туруктуулукту сактоо, ар кандай түшүнбөстүктөрдүн алдын алуу жана калк арасында өз ара урмат-сыйды бекемдөө боюнча пикир алышып, мындан ары да биргелешип иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгилешти.
