Кыргызстандыктардын төрттөн биринен көбү жайды чарчоо менен аяктоодо
Сүрөт ачык булактардан алынды
24 август

Кыргызстандыктардын төрттөн биринен көбү жайды чарчоо менен аяктоодо

HeadHunter.kg сайты жүргүзгөн сурамжылоого катышкандардын 28%га жакыны жай мезгилин чарчоо сезими менен аяктап жатканын билдирген.

Тактап айтканда, респонденттердин 18%ы өздөрүн чарчаганын жана эс алууну каалап жатканын айтса, дагы 10%ы жумуштан катуу чарчаганын билдирген.

Ошол эле учурда сурамжылоого катышкандардын 9%ы гана өздөрүн толугу менен эс алган жана күчкө толгон деп эсептейт.

Респонденттердин 25%ы жалпы абалын жакшы деп баалаган. Ал эми 23%ы жайдын соңунда өзгөрүүлөрдү жана жаңы таасирлерди каалап жатканын билдирген.

Дагы 9%ынын абалы дээрлик өзгөрбөгөнүн айтса, 6%ы жооп берүүгө кыйналган.

Изилдөөгө Кыргызстандын 100 жумуш издөөчүсү жана иш берүүчүсү катышкан.