Кыргызстан менен Өзбекстандын Жогорку соттору практикалык кызматташтыкты өнүктүрөт
Жогорку сот
24 август

Кыргызстан менен Өзбекстандын Жогорку соттору практикалык кызматташтыкты өнүктүрөт

Кыргызстандын Жогорку сотунун делегациясынын Өзбекстанга болгон расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев менен Өзбекстандын Жогорку сотунун төрайымы Робахон Махмудованын эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын сот органдарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, сот тутумдарын санариптик трансформациялоо, заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү жана практикалык тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Инара Гилязетдинова, Ош шаардык сотунун судьясы Бактыбек Сыдыгалиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппарат жетекчисинин орун басары Аман Жумалиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппаратынын Коомчулук менен байланыш, массалык маалымат каражаттары жана эл аралык катнаш бөлүмүнүн башчысы Савитахун Исаков, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө сот тутумун санариптик трансформациялоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз тарап Өзбекстандын электрондук сот өндүрүшү жаатындагы практикалык тажрыйбасын, анын ичинде соттордун бирдиктүү маалыматтык тутумунун иштешин, электрондук документ жүгүртүүнү, сот иштерин автоматташтырылган түрдө бөлүштүрүүнү, жарандар жана процесстин катышуучулары үчүн электрондук сервистерди, сот отурумдарына аралыктан катышууну, ошондой эле соттордун маалыматтык тутумдарын мамлекеттик маалыматтык ресурстар менен интеграциялоону үйрөнүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Мындан тышкары, кыргыз тарап өзүнүн сот тутумун санариптештирүү жаатындагы тажрыйбасын өзбек кесиптештери менен бөлүшүүгө даяр экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу соттук кызматташтыкты мындан ары чыңдоого жана сот адилеттигин санариптик трансформациялоо багытындагы практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.