Бишкекте батир сатуу 12%га өстү, Ошто болсо 15,5%га төмөндөдү
Сүрөт ачык булактардан алынды
24 август

Бишкекте батир сатуу 12%га өстү, Ошто болсо 15,5%га төмөндөдү

2026-жылдын январь–июль айларында Бишкекте батирлерди сатып алуу-сатуу боюнча активдүүлүк кыйла өстү, ал эми Ош шаарында тескерисинче төмөндөө катталды.

Мамлекеттик каттоо кызматы жарыялаган турак жай рыногунун талдоосуна ылайык, Бишкекте жети ай ичинде 104, 105, 308 сериядагы жана жеке типтеги батирлер боюнча 7 миң 142 сатып алуу-сатуу келишими түзүлгөн.

Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 12,3%га көп.

Ал эми Ош шаарында абал тескери болгон. Январь–июль айларында 104, 105 сериядагы жана жеке типтеги батирлер боюнча 2 миң 118 бүтүм жасалып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15,5%га азайган.

Ошентип, өлкөнүн эки ири турак жай рыногундагы айырма дагы да күчөдү: Бишкекте сатып алуучулардын активдүүлүгү өссө, Ошто батирлерди сатып алуу-сатуу боюнча бүтүмдөрдүн саны азайган.