Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги 14 светофордук объект жаңыртылды
Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тарабынан Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан 14 светофордук объектти жаңылоо иштери жүргүзүлдү.
Мэриядан кабарлашкандай, жаңыртылган бардык светофордук объекттер пайдаланууга берилди. Жүргүзүлгөн иштер жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, транспорт агымын натыйжалуу жөнгө салууга жана борбор калаанын жол-транспорттук инфратүзүмүн жакшыртууга багытталган.
Жаңыртылган светофорлор заманбап талаптарга ылайыкташтырылып, жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды камсыз кылууга багытталган.
Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын жол-транспорттук инфратүзүмүн модернизациялоо, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана транспорт кыймылын уюштурууну өркүндөтүү боюнча иштерди улантууда.
