Эллада Асылбекова, ырчы: «Мен өзгөчө баланын энеси эмес, өзгөчө күчтүү аялга айландым»
Бир кезде жолдошу менен дуэт болуп ырдап, чыгармачылыкта эриш-аркак жүргөн ырчы Эллада Асылбекованын жашоосу күтүлбөгөн жерден түп-тамыры менен өзгөргөн. Беш кызын жалгыз тарбиялоо, алардын эң кичүүсүнүн аутизм диагнозу менен төрөлүшү – мунун баары анын мойнуна чоң жоопкерчилик болуп жүктөлгөн. Бирок Эллада бул сыноолорго багынган эмес. Бүгүн ал өзгөчө баланын энеси гана эмес, миңдеген энелерге үмүт жана күч бере алган аял. Биз Эллада менен аутизмди кабыл алуу, турмуштун оор сыноолору жана энелик күч тууралуу маектештик.
– Эллада, сизди биз таланттуу ырчы айым катары тааныйбыз, бүгүн сиз кандай аялсыз?
– Бүгүн мен чыгармачыл адамдан мурун турмуштун сыноолорунан өткөн чыныгы күчтүү эне катары сүрөттөйт элем өзүмдү. Бирок ошол сыноолорду чыгармачылыгым менен жеңип келе жатам десем жаңылышпайм.
– Жолдошуңуз менен дуэт болуп ырдап жүргөн күндөрдү эстегенде биринчи эмнелер эсиңизге түшөт?
– Замир экөөбүздү чыгармачылык тааныштырды. Экөөбүздүн чөйрөбүз бир болгон үчүн кайда барсак чогуу элек. Мени жалгыз эч жакка жиберчү эмес. Бир гана өзгөндүк таланттардын шеринесине жалгыз барчумун, башка учурларда экөөбүз ажырагыстай элек. Ошентип жүрүп беш кызга ата-эне болдук, маңдай терибиз менен чыгармачылыктан тапкан акчабызга там салдык, анан эле жашообуз аңтар-теңтер болуп кетти.
– Америкага кеткенден кийин жашооңуз күтүлбөгөн нукка бурулду окшойт. Ал жакка баруу чечимин жаңылыштык деп эсептебейсизби?
– Кудайдын буйругу экен, эң кичүү кызым Мырзайым аутизм диагнозу менен төрөлүп калды. Америкага баруубуздун биринчи себеби ошол кызыбыз болду. Мүмкүнчүлүк пайда болуп калганда улуу кыздарыбызды бул жакка калтырып, эки кызыбызды алып, үйүбүздү сатып кеткенбиз. Ал жакта өзгөчө балдар үчүн чындыгында шарттар мыкты экен. Ата-энесинен да жакшы карашат. Алгач акчасын төлөп массажга, логопеддерге алып барып жаттык. Бара-бара ал жактагы кыргыз кыздардын жардамы менен мамлекеттик көзөмөлгө өтүп, баары бекер болуп калган. Атайын мектепке кабыл алынды, эртең менен алып кетип, кечинде алып келгенге өзүнчө унаа бөлүнүп берилди. Ага чейин мен кызымдын жанынан бир саатка да жылган эмесмин да, алгач коңултуктап, башкача болуп жүрдүм, анан өзүмө көңүл бөлүп, иштеп жүрдүм.
– Эмне иш менен алектендиңиз?
– Биз Американын Филадельфия шаарында болдук. Ал жакта кыргыздар көп. Алар үчүн Казмир Эсеналиев аттуу Таластын мыкты жигити мектеп ачкан. Бир күнү ошол жигит өзү чалып, балдарга кыргыз тилинен сабак берүүмдү сунуштап калды. Көктөн тилегеним жерден табылып, ошол мектепте иштеп жүрдүм. Кийин ошол эле балдарга комуздан сабак бере баштадым. Эки кызым да мектепке жайгашып, бат эле тилди үйрөнүшүп, баары сонун болуп бараткан.
– Ушунча мүмкүнчүлүктү таштап, кайра келе беришиңерге эмне себеп болду?
– Негизи бизге Америкадан чыкканга болбойт эле. Абдан көп эмгек, күтүүлөрдөн кийин ошондой талап менен убактылуу документ алганбыз. Үч жылдай жүргөнүбүздөн кийин бул жакта калган улуу кызым турмушка чыгарын айтып, тойду белгиледик. Ошондуктан көп ойлондум. Келбей коёюн десем, тоюнда кызым өксүп калчудай, келейин десем – кайра Америкага кире албай калабыз. Өзүм ушинтип эки анжы болуп турган учурумда Замир Кыргызстанга кетишимди каалады. «Айласын таап кайра алдырып алам», – деп биринчи алдады, мен кетенчиктей баштаганда кетишимди талап кылды. Мен Замирдин сөзүн мыйзам катары көрөт элем, бардык нерсе анын чечими менен болчу. Ошентип билет алып, алты чемодан менен бизди аэропортко алып келип, самолётко салып жиберди.
– Келе бергениңизге кийин өкүнүп калган жоксузбу?
– Аябай өкүндүм. Өкүнүп жүрүп, келгенибизге деле эки жыл болуп калыптыр. Көрсө, Замирдин бизди кетирүүгө анчалык ашыкканында кеп бар экен. Анын ага чейин эле ою бузулуп, өзүнөн улуу аял менен мамиле куруп жүргөнүн кийин билип жатпаймынбы. Аны укканда бизди жардан ары түртүп жибергендей эле сезимде калдым. Андай ою бар экен, бизди Америкадан чыгарып жибербей эле түшүндүрүп айтса, мен кыздарым менен сонун эле оокатымды кыла бермекмин. Алиге чейин саткан үйүбүздүн ордун тургузуп коймокмун.
– Бул жакка келип кандай оокат кылдыңыз? Үйүңүз да сатылып кеткен болсо...
– Апамдын үйүнө бардым. Кыз баланын биринчи эле баш калкалай турган жери ата-энесинин үйү эмеспи. Жакшы мамиле кылышып, колунан келген жардамдарын берип атышты. Бирок чыккан кыз чийден тышкары болгондой, көп тура албайт экенсиң. Ыңгайсыз болуп, ижарага чыгып кеттик. Өзгөчө балаң менен батирге батыш да оңой эмес экен. Кыскасы, жакшы эле кыйналдык. Саткан үйдүн акчасынан шаардын ортосунан кызымдын атына бир бөлмөлүү батир алып койгон элек, Замир аны да сатып салган эле. Жок дегенде ошол болсочу деп, үй көздөн учат. Кийин Оштон жумуш чыгып, ал жакка көчүп кеттик. Азыр Ош филармониясында эмгектенип, муниципиалдык жатаканадан бөлмө алып, ошол жерде жашап атабыз. Жок дегенде жашаган жерибиз бекер болуп, жашообуз бир аз жеңилдей түштү.
– Кыздарыңыздын атасы каралашпайбы?
– Мен Замир экөөбүздүн ажырашканыбызды жашырып көпкө жүрдүм. Акыры жашырганга мүмкүн болбой калды. Анткени кыйналып кеттим. Кыздарымдын окуусу, батир акысы, Мырзайымдын дарылануусу... Баарына жеткире албай, карыздарым да көбөйүп кетти. Айрымдар түшүнсө, көбү түшүнбөйт экен. «Кантип эле сенде жок? Күйөөң Америкада иштеп атпайбы?» – дешет. Акыры «бизде баары жакшы» деген жасалма масканы чечкенге туура келди. Ишенесизби, кадимкидей жеңилдей түштүм. Жашоодо чындык менен эле жашаган жеңил экен. Замир кыздарымдын окуу акысына деп анча-мынча акча салып турчу, азыр байланыш жок.
– Азыр Мырзайымдын абалы кандай?
– Кызым азыр 8 жашта, бирок сүйлөбөйт. Сөзгө түшүнүп, анча-мынча үндөрдү чыгарып калды. Аутизм менен ооруган балдардын эң негизги көйгөйү – ичиндегисин айта албай, аны өтө күчтүү агрессия менен сыртка чыгарышат. Бир ыйласа, токтотуу кыйын. Ошонусу азыр деле кармап турат. Эң негизгиси – памперсин чечип, өзү дааратканага барып калган деңгээлге жеткире алдым. Бул мен үчүн чоң жетишкендик болду.
– Бул жетишкендикке кантип ээ болдуңуз?
– Америкадан келгенден кийин кайра эле ошол кызым менен алек болуп, уккан жеримдин баарына барып жүргөн күндөрүмдүн биринде Дарика Адатовна деген дарыгер эже менен таанышып калдым. Ал Түркияда эмгектенген кыргыздын мыкты айымы экен. Мырзайым памперсте экенин, эмне жеп, эмне койгонун түшүнбөгөнүн бүт айтып бергем. Менин боштугумду көрүп, «бизге чыдабайт» дедиби, анда эч нерсе айткан эмес. Түркияга кетеринде чакыртыптыр. Бардык ишимди таштап, жетип бардым. Ошондо отургузуп алып, өзү күбө болгон укмуш коркунучтуу мисалдар менен, айрыкча кыз бала үчүн аутизмдин кесепеттерин түшүндүрүп берди. «Үч жыл ыйлап, өмүр бою тынч жашаганың жакшыбы же өмүр бою ыйлап өткөнүң жакшыбы?» – деген сөзү абдан катуу таасир берди. Аны укканда бардык кыйынчылыктарына чыдап, алардын командасына кошулуп, кызымды дарылатууну чечтим. «Жолдошуң, апаң менен кеңешип, эртең кел», – дегенине да карабадым. «Анда эртең мененки саат 6да кызың менен ботаникалык бакка кел», – деди. Командасына болсо: «Эки жумада ушул кыздын памперсин чечип, туалетке баргысы келгенин түшүнгөндөй деңгээлге жеткиресиңер», – деген тапшырмасын берип, өзү Түркияга кетти.
– Алар кандай ыкма менен дарылашат экен?
– Анын дарылоо ыкмасы да өзгөчө. Эч кандай дары-дармек колдонбойт. Эртеси ботаникалык бакка барсак, мага окшогон бир топ ата-эне бар экен. Биринчи эле көнүгүүсү – баланы чуркатуу болду. Памперсин чечип койгонбуз, мен горшогун көтөрүп, артынан чуркап алгам. Кызым чуркамак түгүл, жакшыраак баса алчу эмес. Кааласа жерге жатып алчу. Анан айла жок көтөргөнгө туура келчү, же зоңкойтуп коляскага отургузуп алчумун. Бир точкасы болот экен, ошол точкасына сайып койсо, чуркап жөнөшөт экен. Кызым байкуш ыйлап алган, чуркагысы келбеген сайын эжекеси улам точкасына сайып коёт. Ыйлап баратып, үмүттүү көздөрү менен улам мени карап коёт. Балаңдын мындай абалын көрүү да оңой эмес экен, бирок чыдайм деп өзүмө сөз бергеним үчүн жүрөгүм ооруп турса да чыдадым. Ошентип, ал күнү 4 саат жүгүрдүк.
Бир жумадан кийин эжекеси: «Бүгүн Мырзайымды мен алып жатайын», – деди. Бул да болсо өмүр бою апасынын жанынан чыкпаган баланын мээсин ойготуунун бир жолу экен. Бара-бара бир жумага алып кетип, тоого чыгарууга өтүштү. Тоодон түшүү да мээнин иштебеген бөлүктөрүн ойготот экен. Дарика эженин ыкмасы чындыгында эле натыйжа берип, өзү айткандай эле туура эки жумада памперсти чечтик.
Мурун дүкөндөргө киргенде көзүмө биринчи эле такма жалаяктар урунчу эле, акчам башкага жетпесе да памперс алып калууга ашыкчумун. Кийин көнгөн адатымча кайра эле ошолорго көзүм түшөт да, «ушулар чын эле эми мага керек эмес» деген оюма бир ишенип, бир ишенбей кетип аттым. Азыр кызым кадимкидей өзү дааратканага барат, андан тышкары сөзгө түшүнүп калды.
– Аутизми бар баланы тарбиялоодо эң оор нерсе эмне экен?
– Эң оору – эки ортодо чайналуу экен. Балаңды карайын десең – башкасы калат. Түшүнгөн ата болсо жакшы, түшүнбөсө кыйын экен. Акча берет, бирок анысын кайра чыгарып алат. «Ушунча акча төлөп дарылаттың, кана жыйынтык?» – десе, күйүп кетет экенсиң. Ыйлаганда, жуунтканда жардам бергендин ордуна кыжырданып, кайра менден күчүн чыгарат. Анан аны сүйлөнтпөйүн деп эле бардык түйшүктү өзүм моюнума алып жүрө бериптирмин.
Жолдошумдун андай мамилесине кайра тынчсызданам, анткен сайын кызымдын агрессиясы күчөйт. Көрсө, мен кызыма күзгү экенмин. Аутист баланын өзүнөн мурун энесин дарылаш керек экен. Мен ошону түшүнүп, жан дүйнөм тынчтыкка келгени кызымдын да агрессиясы кадимкидей азайды.
Өзгөчө баласы бар башка энелерге да ушуну сунуштайт элем: балаңыздын өзгөчө экенин кабыл алыңыз, өзүңүздү караңыз, тынчтаныңыз! Балаңыз сизге карап түзөлөт.
