Республикалык окуу борборунда мекемелер аралык жумушчу топтун жыйыны өттү
8 август

Республикалык окуу борборунда мекемелер аралык жумушчу топтун жыйыны өттү

2026-жылдын 6-августунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Ж.Ш. Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2026-жылдын 16-июнундагы №603-р тескемесине ылайык түзүлгөн мекемелер аралык жумушчу топтун кезектеги жыйыны өткөрүлдү.

Жыйынды Республикалык окуу борборунун административдик тармактар циклынын башчысы, юридика илимдеринин кандидаты, милициянын полковниги Алмаз Жамшитов алып барды.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан сунушталган Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын жана Концепциясынын долбоорлору каралып, талкууланды.

Мындан тышкары, «Маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды колдонуу менен жасалган кылмыштарга каршы аракеттенүү боюнча Концепциянын» кайра иштелип чыккан долбоору талкууланып, аны мындан ары өркүндөтүү, тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү маселелери каралды.

Жумушчу топтун мүчөлөрү маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды колдонуу менен жасалган кылмыштарга каршы аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, укуктук базаны өркүндөтүү жана мамлекеттик органдардын өз ара кызматташтыгын күчөтүү боюнча пикир алышты.

Жыйындын соңунда каралган маселелер боюнча тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу жана Концепциянын долбоору боюнча иштерди улантуу боюнча макулдашуулар жүргүзүлдү.