Ош көчөсүндө жол оңдоо иштери күчөтүлгөн тартипте уланууда
Ош көчөсүнүн Манас айланмасынан Раимбеков айланмасына чейинки 3,2 чакырым тилкесинде жол оңдоо иштери этап-этабы менен жүргүзүлүүдө.
Учурда 800 метрге жакын тилкеде жолду тегиздөө иштери аткарылып, жумуштарга 20га жакын атайын техника жана 5 жумушчу бригада тартылып, эки нөөмөт менен жүрүп жатат.
Мындан тышкары суу түтүктөрүн, канализациялык жана башка жер алдындагы инженердик коммуникацияларды жаңылоо иштери аткарылууда.
Долбоорго ылайык жол 26 метрге кеңейип, төрт тилкелүү болот. Анын эки тарабына тротуарлар курулуп, жашыл аймактар түзүлөт.
Жолду оңдоо жана тиешелүү инфраструктураны жаңылоо иштерин ушул жылдын аягына чейин бүткөрүү болжолдонууда.
